Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:36

Солтон-Сары боюнча эки кытайлык компаниянын сунушу каралууда


Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов билдирди. Кытайлык эки компания Солтон-Сары аймагында алтын иштетүү сунушу менен жергиликтүү бийликке кайрылган.

- Азыр аталган эки компаниянын лицензиясы, документтери жана кен иштетүү программаларын жергиликтүү депутаттар менен карап жатабыз, - дейт Кайыпов.

Миң-Булак, Эмгекчил айыл өкмөттөрүнө караган Солтон-Сары аймагында үч алтын кени бар. Учурда “Солтон-Сары” мамлекеттик ишканасы гана иштейт. Калган эки аймакта мындан 3 жыл мурун жергиликтүү элдин каршылыгы менен кытай компанияларынын иши токтотулган.

Солтон-Сарыда алтындын запасы 2,5 миң тонна экенин буга чейин "Кыргызалтын" ишканасынан кабарлашкан. (TSh)

XS
SM
MD
LG