Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:13

Оторбаев Токтогулда жол боюнча нааразылыкка чыккандар менен жолукту


Токтогул Сатылгановдун мааракесине даярдыкты текшерүү үчүн акындын туулган айылы Чолпон-Атага барган премьер-министр Жоомарт Оторбаевди бүгүн жол маселеси боюнча нааразылыгын билдирүүгө чыккан бир топ жергиликтүү тургун тосуп алды. Кабарчыбыздын айтымында, алар Чолпон-Ата - Токтогул унаа жолу 25 жылдан бери оңдолбогонун айтып, бул көйгөйдү чечүүнү өкмөттөн талап кылды.

Жолду оңдоого быйылкы бюджеттен 35 миллион сом бөлүндү. Бирок, жергиликтүү тургундардын билдиргенине караганда, ал акча жалпы узундугу 35 чакырым жолдун айыл тарабындагы 2 жана шаарга жакын 5 чакырымын оңдоого гана жумшалат.

Нааразылыкка чыккандар эч болбогондо дагы бир нече чакырымды оңдоп берүүнү өтүндү. Жоомарт Оторбаев андай акча бюджетте каралбаганын, бирок коюлган талап өкмөттө талкууланарын билдирди.

Быйыл күзүндө улуу акын Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгы расмий белгиленет. (RsK/RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG