Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:17

Кыйраган учакта СПИД боюнча дүйнөлүк окумуштуулар тобу бараткан


Украина аймагында кыйраган малайзиялык учактын мерт кеткен 298 жүргүнчүсүнүн арасында Австралияга СПИД боюнча дүйнөлүк конференцияга катышуу үчүн бараткан белгилүү илимпоздор тобу да бар болчу. Бул тууралуу бүгүн СПИД боюнча эл аралык уюмдун президенти Франсуаза Барре-Синусси билдирди:

- Биздин жоготууну түшүнүү кыйын болуп турат. Кесиптештерибиз СПИД эпидемиясын токтотуу идеясына берилген адамдар болчу. 18-июлга пландалган конференциябызды 20-июлда өткөрөбүз.

Алгачкы кабарларда учак кырсыгында СПИДге каршы иштеген 100гө жакын окумуштуу, дарыгер жана коомдук ишмер мерт кеткени айтылган. Бирок бүгүн Франсуаза Барре-Синусси 100 эмес, алты окумуштуу каза тапканын билдирди.

17-июлда Голландиядан Малайзияга сапар алган учак Украинанын жикчилер жана өкмөттүк аскерлер кармашып жаткан Донецк облусунун аймагында атып түшүрүлгөн. Ичиндегилердин бири да аман калган эмес. (RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG