Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:04

Иран боюнча сүйлөшүү мөөнөтү дагы төрт айга узартылды


Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүнүн мөөнөтү дагы төрт айга узартылды. Иран өзү жана алты дүйнөлүк держава катышып жаткан сүйлөшүүнү 20-июлда жыйынтыктоо пландалып жаткан. Европа биримдигинин дипломатиялык миссиясынын башчысы Кэтрин Эштондун айтымында:

- Олуттуу прогресске жетишип, бирге иштөө планы түзүлө баштады. Бирок айрым маанилүү маселелерди чечүүгө убакыт талап кылынууда.

АКШ Мамлекеттик катчысы Жон Керри төрт ай ичинде Иран мурда камалган 2,8 миллиард долларлык активдерин алууга мүмкүнчүлүк аларын билдирди. (RK)


Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG