Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:50

Куудул Жаныбек Алыкулов дүйнө салды


Куудул Жаныбек Алыкулов "Азаттыктын" студиясында.
Куудул Жаныбек Алыкулов "Азаттыктын" студиясында.

Бүгүн, 20-июлдун таңында белгилүү куудул, ырчы, пародист, коомчулукка "Шорпо" деген ат менен таанымал болгон Жаныбек Алыкулов оорунун айынан көз жумду. Бул маалыматты куудулдун өкүл атасы Кабыл Бөрүбаев тастыктады. Анын айтымында, Жаныбек Алыкулов кант диабети менен ооруп жүргөн жана акыркы 3 күн эс-учун билбей жаткан.

Белгилүү куудулдун сөөгү эртең, 21-июлда саат 10:00дө Ала-Тоо конушунда жерге берилет.

Жаныбек Алыкулов 1960-жылы Жалал-Абаддын Аксы районундагы Жаңы-Жол айылында туулган. Артында 4 уул, 2 кызы калды. Ал 1981-жылдан бери сахнадан түшпөй, чыгармачылык менен алектенип келген, бирок эч кандай мамлекеттик сыйлыкка илинген эмес. (UEz)

XS
SM
MD
LG