Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:21

Кыйраган учактын кара жашиги жикчилдердин колунда болушу мүмкүн


Голландиядан Малайзияга учуп баратып Украинанын үстүнөн атып түшүрүлгөн учактын кара жашиги Донецк облусундагы Горловка аймагында жикчилдердин колунда болушу мүмкүн. Бул аймак “Бес” деген каймана ат менен белгилүү Игорь Безлер башында турган жикчилдер тобунун көзөмөлүнө алынган. Бул тууралуу “Украинская правда” басылмасына жарандык активист Дмитрий Снегирев билдирди.

Анын маалыматына ылайык, кара жашикти Суходольск аркылуу Извариного, андан кийин Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматына өткөрүп беришет.

Malaysia Airlines компаниясынын кыйраган “Боинг–777” учагынан 192 адамдын сөөгү табылган. Дагы 106 адамдын сөөгү табылбай жатат.

Мындан мурдараак Украинанын вице-премьер-министри Владимир Гройсман жикчилдер учактын кыйрашын толук кандуу иликтөөгө тоскоол болуп жатканын билдирген эле.

Украинанын күч органдары учак орусиялык “Бук” зениттик ракетасы тарабынан атып түшүрүлгөнүн кабарлоодо. Кырсыктан 298 адам каза тапты. (UEz)

XS
SM
MD
LG