Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:21

Австралияда учак курмандыктары эскерилүүдө


Австралияда Украинанын чыгышында кыйраган учакта курман болгондорду эскерүү, аза күтүү иш-чаралары өтүүдө.

17-июлда атып тушүрүлгөн учактагы 298 адамдын 28и австралиялык болгон жана дагы 8и Австралияда туруктуу жашаган.

Премьер-министр Тони Аббот Сиднейдеги аза күтүүдө бул кырсык өлкө үчүн орду толгус жоготуу экенин билдирди.

Мельбурнда болсо өзүнчө сыйынуулар болду. Анда учакта каза тапкан СПИДге каршы күрөшкөн окумуштуулар эскерилди.

Алгачкы кабарларда учак кырсыгында СПИДге каршы иштеген 100гө жакын окумуштуу, дарыгер жана коомдук ишмер мерт кеткени айтылган. Бирок 19-июлда СПИД боюнча эл аралык уюмдун президенти Франсуаза Барре-Синусси 100 эмес, алты окумуштуу каза тапканын билдирди. (UEz)

XS
SM
MD
LG