Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:39

Орусияны жаңы санкциялар күтөт


Улуу Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон Европа өлкөлөрүн Орусияга карата катаал санкцияларды киргизүүгө чакырды.

The Sunday Times гезити жазгандай, Кэмерон Европа өлкөлөрүн принциптерден баш тартпоого үндөдү. Анын айтымында, айрым өлкөлөр Орусияга каршы турууну каалабайт. “Биз Орусияга эмес, Орусия бизге көбүрөөк керектей мамиле жасап жатабыз”, - деди ал.

Британ премьер-министри Украинанын чыгышында атып түшүрүлгөн учак боюнча Орусия керектүү маалыматтарды берип, согушкерлерди колдоосун токтотуш керектигин кошумчалады.

Мындан мурдараак АКШ президенти Барак Обама Германиянын канцлери Ангела Меркел жана Дэвид Кэмерон менен телефон аркылуу сүйлөшүп, эгер Орусия Украинанын чыгышындагы чыңалууну токтотпосо жаңы санкциялар киргизилерин талкуулашты. (UEz)

XS
SM
MD
LG