Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:57

“Google” көздөгү глюкозаны ченеген линза чыгарат


Линза кант диабетинен жабыркагандарга багытталат.
Линза кант диабетинен жабыркагандарга багытталат.

Америкалык 18 жаштагы Мэтт Гилмер жер жүзүн айланып келген эң жаш учкуч катары Гиннестин рекорддор китебине кирди. Марс планетасы темир метеориттердин калдыктарына бай. Google компаниясы көздөгү глюкозанын өлчөмүн ченеген линза чыгарат.

АКШнын Түштүк Дакота штатынын тургуну 18 жаштагы Мэтт Гатмиллер жеңил моторлуу учак менен жер жүзүн айланып чыккан эң жаш учкуч катары Гиннесттин рекорддор китебине катталды. Ал 45 күндүн ичинде 5 континентте, 14 өлкөдө болуп, 14-июлда Калифорния штатынын аэропортуна келип конду.

Эстен кеткис саякаты жөнүндө айтып жатып Мэтт “кайтып келгениме кубанычтамын, баары көңүлдүү болду”, - деди толкунданганын жашыра албай. Ал эми анын энеси Ширли Гатмиллер болсо “балам мыкты учкуч. Ал учууга уруксат кагазын алганда он алты жашта эле, мен биринчи жүргүнчүсү болгом”, - деди сыймыктана.

Дүйнө жүзүн буга чейин австралиялык Райан Кэмпбелл 19 жашында айланып чыкса, эми минтип бул көрсөткүч жаңыланды.

“Акылдуу” контакт линза

Швейцариялык дары-дармек чыгаруучу “Новартис” ишканасы “Google” менен биргеликте көзгө смарт-линза чыгармай болду. Мындай линзалар кант диабетинен жабыркагандарга багытталат. “Акылдуу” контакт линза жакынкы беш жылда сатыкка чыгаары маалым болду.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму билдиргендей, дүйнөдө кант диабети менен ооруган адамдардын саны 400 миллионго жакын. Алар күнүгө канындагы глюкозанын өлчөмүн ченеп, ден-соолугуна кам көрүп турушу керек. “Рейтерс” агенттиги маалымдагандай, линзалар ийнесиз тетиктер, микросхемалар жана башка майда электроникалар менен жабдылат. Алардын жардамы менен линза көздөгү глюкозаны ченеп, маалыматты дароо чөнтөк телефонго жиберип турат.

Бул жаңы технология ошондой эле көздүн пресбиопия илдетин, же болбосо 45 жаштан өтүп калган курактагы адамдардын жакынды көрө албай калышын дарылай алат.

“Номартис” менен “Google” компаниясынын ортосундагы келишимдин финансылык тарабы азырынча белгисиз.

Global Date компаниясы билдиргендей, “Новартистин” мындай технологиясы кандагы глюкозаны ченеген кадимки жабдыктарды тез арада озуп өтүп, 2017-жылы 12 миллиард доллардан ашуун киреше табышы мүмкүн.

"Хонданын" жаңы роботу Европада

АСИМО аттуу робот кишиникиндей шамдагай кыймылы менен бөтөлкөнү ачып, шире куюп, жапон жана англис тилдеринде сүйлөй алат.

АСИМОнун кыймылы мурдагы робот “агаларыныкына” караганда кыйла ыкчам. Ал саатына тогуз чакырым басып секирет. Ал бий аянтына чыгып, өнөрүн көрсөтө алат. Батареясы 40 мүнөткө жеткен робот айланасындагы адамдарды сезип, үндөрдү айырмалай алат.

Роботту биринчи көргөн европалыктар жапондуктарга караганда сабырдуу кабыл алышты.

"Хонда" компаниясы роботторду 1986-жылдан бери майыптар үчүн чыгарат. АСИМОну алгач байланыш роботу катары чыгарууну көздөшкөн. 2011-жылкы Жапониядагы зилзала менен топон суудан кийинки Фукусима алааматынан улам "Хонда" компаниясы АСИМОнун функциясын алмаштырып, кооптуу жерлерде адамдардын ордуна иштегендей кылып жасашкан.

Curiosity темир метеориттин калдыгын тапты

Марстагы Curiosity аппараты Элида тоосуна жакын жерде темир метеориттин калдыгын тапты. Табылга Лебанон деп аталды. Лебанондун узундугу 2 метрге чейин жетет. Мындан мурда дагы “Кызыл планетаны” изилдеген аппараттар темир метеориттин майда калдыктарын табышкан. Муну менен окумуштуулар Марстын бети темирге бай экенин далилдешти.

Curiosity Марстагы Гейл кратерине эки жыл мурда конгон. Адистер анын жардамы менен “Кызыл планетадагы” жашоо белгилерин издөөнү улантышууда. Бул НАСАнын Марска жиберген төртүнчү аппараты.

XS
SM
MD
LG