Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:48

Египет президенти өз өлкөсүндө терроризмди жок кыларын айтты


Египеттин президенти Абдул Фаттах ас-Сиси 22 чек арачынын өмүрүн алган кол салууга жараша жооп болорун эскертти. Жекшемби күнкү билдирүүсүндө ал терроризм Египеттин аймагында тамыры менен жок кылынарын айтты. Ас-Сиси мерт кеткен аскерлердин урматына мамлекетте үч күндүк аза күтүү жарыялады.

Ишемби күнү Ливия жана Судан менен чектеш Ал-Вади ал Гадид провинциясындагы көзөмөл-өткөрүү пунктуна куралдуу кол салуу болгон. Египеттин коопсуздук кызматы кол салууну уюштургандар аткезчилер экенин маалымдады. Коргоо министрлигинин өкүлү бул окуянын артында исламчыл террорчулар турганын “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.

Чек арачыларга жасалган чабуулда 22 аскер менен кошо кол салуучулардан да эки киши мерт кеткен.

XS
SM
MD
LG