Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:23

Голландиялык эксперттер авиакырсык болгон жерге келет


Голландиялык эксперттер тобу бүгүн Чыгыш Украинадагы Малайзия учагы кыйраган аймакка барат. Алар мерт болгондордун ким экенин аныктоо иштерине катышмакчы. Авиакырсыкта эң көп жаранын жоготкон Голландиянын премьер-министри Марк Рютте апаат кеткен мекендештеринин жасатын өз өлкөсүнө жеткирүү ал үчүн негизги милдет экенин билдирди.

17-июлда Амстердамдан Куала-Лумпурга учуп баратып Украинанын Донецк облусунун аймагында кыйрап кулаган учакта 12 өлкөнүн жараны болгон.

Каза тапкан 298 кишинин 200гө жакынынын сөөгү талаа-түздө чогултулуп, үч күндөн кийин муздаткыч орнотулган вагондорго жеткирилди. Украин вице-премьери Владимир Гройсман учакка тийиштүү бардык буюм-тайымдарды, адамдардын сөөгүн эл аралык экспертизадан өткөрүү үчүн Харьков шаарында атайын жай даярдалганын билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG