Кыргызстан Венеция комиссиясына өкүл кылып депутат Өмүрбек Текебаевди жана президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаевди дайындады. Бул тууралуу жарлыкка мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн кол койду.
Венеция комиссиясы - Европа комиссиясынын "Укук аркылуу демократия" уюму. Ал 1990-жылы түзүлгөн. Максаты - конституциялык укук боюнча кеңеш берүү. Кыргызстанда жүргүзүлгөн соңку конституциялык реформаларга ал активдүү катышкан.
Комиссия бир жылда төрт жолу чогулуп турат. (RK)