Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:06

Апрел окуясы боюнча сот өкүмүн угузуу эртең уланат


Апрель окуясы боюнча айыпталгандарга өкүмдү угузуу эртең да уланмай болду. Бул тууралуу "Азаттыкка" жабыркагандардын адвокаты Осунбек Жамансариев кабарлады. Анын айтымында, ишти карап жаткан Аскердик соттун судьясы Дамир Оңолбеков бүгүн өкүмдү угузуу тартибин аныктады. Ага ылайык, өкүм 3 күн ичинде угузулуп бүтөт.

Башкы прокуратура атайын даярдыктагы “Альфа” бөлүгүнүн жана мурдагы Мамлекеттик күзөт кызматынын аскерлерин "адам өлтүрүү" айыбы боюнча актоо, "ишенип берилген куралды жоготуу" айыбы боюнча эки жылга кесүүнү сунуштаган.

Мурдагы президент Курманбек Бакиев, анын иниси Жаныш Бакиев жана мурдагы өкмөт башчы Данияр Үсөновду сыртынан өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратуу сунушталган.

УКМКнын мурдагы төрагасы Мурат Суталиновго, мурдагы Мамлекеттик күзөт кызматынын башчы орун басарлары Нурлан Темирбаев менен Данияр Дунгановго 25 жылдан, мурдагы Баш прокурор Нурлан Турсункуловго, президенттик аппараттын мурдагы башчысы Каныбек Жороевге, президенттик катчылыктын башчысы Оксана Малеванаяга 15 жылдан, мурунку баш прокурор Элмурза Сатыбалдиевге, мурдагы президенттин уулу Марат Бакиевге 10 жылдан камак мөөнөтү керек экени айтылган.

Апрель окуясы боюнча сот 2010-жылдан бери уланып келатат. Ак үйдүн алдында 90го жакын адамдын атылышы боюнча ошол кездеги президент Курманбек Бакиев баш болгон 28 кишиге айып тагылган. Жабыркагандардын жалпы тизмесинде 120 киши бар. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG