Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:14

Баткенде тоютту башка өлкөгө чыгарууга тыюу салынды


Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн Баткендеги өкүлү Жеңиш Раззаков өкмөттүн жыйынында билдирди. Анын айтымында, быйылкы жыл кургакчыл болгондуктан облус аймагында айдалган чөптү өз учурунда коромжусуз жыйнап алуу жана жылдагыдан арбын топтоо боюнча атайын буйрук чыкты. Мындан тышкары кыш мезгилиндеги тоют тартыштыгын алдын алуу үчүн милицияга, чек арачыларга, бажы кызматына облус аймагындагы тоютту кошуна мамлекеттерге чыгарбоо тапшырмасы берилди. Раззаков кошумчалагандай, Баткенде ушул учурда топтолгон тоюттун көлөмү былтыркыдан 9 миң тоннага аз.

Баткен облусунда жалпысынан 120 миң бодо мал жана 475 миң майда мал жандык бар. Жалпы 200 миң тонна чөп топтолот. (BkA/KE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG