Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:37

Иран жогору байытылган уранын жок кылды


Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик – МАГАТЭнин соңку баяндамасына караганда, Иран жогору байытылган уран газы боюнча корун былтыр дүйнөнүн алты ири державасы менен өзөктүк программага байланыштуу убактылуу түзгөн макулдашууга ылайык жок кылды.

Ирандан уран газын 20% чейин байытууну токтотуу жана буга чейин топтолгон корунан арылуу талап кылынган. МАГАТЭ баяндамасында көргөзүлгөндөй, бул иш макулдашууда каралган мөөнөт ичинде орундалды.

Иран, АКШ, Британия, Германия, Кытай, Орусия, Франция өткөн аптада Ирандын талаштуу өзөктүк программасы боюнча узак мөөнөттүү макулдашууга жетише алган жок. Мындан улам 20-июлда мөөнөтү бүткөн утурумдук келишим ноябрга чейин узартылды.

Батыш өлкөлөрү Иран өзөктүк программасына жамынып алып өзөктүк курал жасайбы деп шектенсе, Тегеран программасы тынчтык максатты гана көздөрүн айтып келет. (UE)

XS
SM
MD
LG