Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:57

Күйүүчү май кымбаттады


Суусамырдагы май куюучу бекет. Чүй облусу, Бишкек - Ош жолунун бою.
Суусамырдагы май куюучу бекет. Чүй облусу, Бишкек - Ош жолунун бою.

Нефтетрейдерлер ассоциациясы мунун себебин Орусиядагы Ачинск ири кара май заводундагы кырсык, дүйнөлүк базардагы баанын көтөрүлүшү, доллар менен рублдин кымбатташы, казак бажы бекетинде кармалып турган күйүүчү май менен түшүндүрүп жатат.

Ал арада 21-июлда өкмөттүн жыйында Баткенде кыргыз-тажик чек арасында карамай аткезчилиги токтобой жатканы айтылды.

Адатта унаа айдабагандар күйүүчү майдын кымбаттаганын таксиге түшкөндө, же болбосо дүкөнгө барганда билишет. Бишкекте кичинекей дүкөндөрдүн биринде иштеген Мавлюда айым бензиндин айынан дээрлик бардык товарлар кымбаттап жатканын айтып берди:

-Товарды такси менен алып келесиң да. Мисалы жер-жемишти “Дыйкан” базарынан алып келебиз, азыр таксинин баасы эки эсе кымбаттап кетти. Жол киреси, ал-бул болуп отуруп эле товар да кымбаттап кетет. Киргендерге кымбаттады деп айта берип саткандан да уяласың. Өзүбүз товар алганда да кымбат алып жатабыз, эмне десең эле бензинди шылташат.

Кыргызстан боюнча күйүүчү май кымбат сатылган облустардын бири - алыскы Баткен. Жолдун алыстыгынан, анан калса күйүүчү май аткезчилигинин айынан баа эң жогору. Жергиликтүү таксист Мараттын билдиришинче, бензиндин кымбаттагын менен жол кире азырынча көтөрүлө элек:

- Бензиндин эң арзаны буга чейин 35 сом 30 тыйын болуп жатты эле. Азыр 39 сом дагы бир канча тыйын болуп калды. Таксилердин акчасы мурунку калыптанган баада эле турат. Эгер бааны көтөрө турган болсок нааразы болгондор чыгат. Бензиндин баасы эмнеге көтөрүлүл жатканын деле түшүнбөй жатабыз. Эгер дагы көтөрулсө айла жок жол кирени да кымбаттатабыз.

Күйүүчү майдын кымбатташы, Баткендеги кара май аткезчилиги боюнча 21-июлда өкмөттүн жыйынында да сөз болду. Анда биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Баткендин губернатору Жеңиш Разаковго чукул чара көрүүнү тапшырды:

- Силер жакта күйүүчү май реэкспорту кайра башталды окшойт. Баанын көтөрүлгөн себеби да ушунда. Күйүүчү майды Тажикстанга ташуу токтогон жок деген маалымат бар. Укук коргоо органдары, Бажы кызматы менен биргеликте чукул чара көргүлө.

Күйүүчү жана майлоочу майлардын баасынын өскөнү боюнча Кыргызстан нефтетрейдерлер ассоциациясы түшүндүрмө берди. Аталган бирикменин аткаруучу деректири Улан Кулов мунун башкы себеби катары Орусиядагы кара майды кайра иштеткен Ачинск ири заводундагы жардырууну, Ирактагы соңку кырдаалдан улам дүйнөлүк базарда кара майдын баасынын жогорулашын атады:

- Ушул жылдын 19-июлунан тартып өлкөнүн түндүгүндөгү облустарда 92-бензин 70 тыйынга, 95-бензин 90 тыйынга, ал эми күйүүчү майдын калган түрлөрү 50 тыйынга кымбаттады. Түштүктө болсо 92-бензин 1 сомго, 80-бензиндин баасы 50 тыйынга, ал эми 95-бензин, дизотун 80 тыйынга көтөрүлдү. Июль айында кара май чыгарган заводдордо баа кескин жогорулаган. Тоннасы 200 долларга чейин көтөрүлдү. Сомго которгондо ошондо 1 литри 8 сомго кымбаттады. Ал эми бизде июль айында май куючу жайларда чекене баа болгону 1,5 - 2,9 сом болуп гана кымбаттады.

Улан Кулов баалардын кескин көтөрүлбөгөн себебин Кыргызстандын өзүндө сакталуу запас болгону менен түшүндүрдү. Калайман оруп-жыйуу иштери башталганда май таңкыстыгы болбой турганын айтты:

- Азыр бизде 80 миң тонна запас күйүүчү май бар. Болжол менен бул бир айлык керектөөгө жетет. Азыр Айыл чарба министрлиги менен чогуу иштеп жатабыз. Орп-жыюу иштерине дагы дизотун алынып келинет. Таңкыстык болбойт. Азыр керектөө максималдык деңгээлге жете элек. Баа дагы өсөбү, же жокпу келерки айда белгилү болот.

Күйүүчү майдын баасынын көтөрүлүшүнө рубль менен доллардын кымбатташы да таасир этти. Ошондой эле май айында бензинге салынган акциз салыгынын жогорулашы да кошул-ташыл болду. Анан калса Орусиядан Кыргызстанга ташылып келаткан 30 миңдей тонна күйүүчү май Казакстанда бажы бекетинде үч айга чукул убактан бери кармалып турат. 12-июлда кыргыз-казак өкмөт башчылары жолукканда бул маселе көтөрүлгөн, бирок чечилген эмес.

XS
SM
MD
LG