Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:10

Тажикстанда түрмөдөгү оппозиция лидеринин адвокаты камалды


Адвокат Шухрат Кудратов кармалган учур. Душанбе, 21-июль, 2014-жыл.
Адвокат Шухрат Кудратов кармалган учур. Душанбе, 21-июль, 2014-жыл.

Тажикстандын Антикоррупциялык агенттиги билдиргендей, Шухрат Кудратов 21-июль күнү "сотко пара сунуш кылган” деген шек менен кармалды. Иштин чоо-жайы белгисиз.

Муну менен тажикстандык оппозициячыл саясатчы, ишкер Зайд Саидовдун экинчи адвокаты камалып олтурат.

Расмий каттоодон өтпөгөн “Жаңы Тажикстан” оппозициячыл партиясынын лидери Саидов өзү былтыр декабрда каржылык көз бойомочулукка барган, көп аял алган деген айып менен 26 жылга түрмөгө кесилген. Зайд Саидов жана анын адвокаттары сот ишинин саясий себеби бардыгын айтып келишет.

Былтыр майда камакка алынар алдында Саидов партиясынын программасы менен тааныштырууда өкмөттүн саясатын кескин сынга алган болчу. (UE)

XS
SM
MD
LG