Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:24

Казакстанда төрт адам террорчулук боюнча соттолду


Чымкенттин райондук соту жергиликтүү үч тургунду “террордук топко катышканы жана топтун ишмердигин каржылык жактан колдогону үчүн” айыптуу деп тапты.

Алар сегизден тогуз жылга чейин түрмөгө кесилишти. Бул топтун төртүнчү мүчөсү мыйзамсыз курал алып жүргөнү үчүн айыпталып, беш жылга соттолду.

Тергөөчүлөрдүн айтымында, соттолгондор 2011-2013 –жылдардын аралыгында экстремисттик жана террористтик идеяларды пропагандалашкан.

Ошондой эле казакстандык жаштарды Сирияда, өкмөткө каршы согушкан мыйзамсыз куралдуу топтордун катарына кошулууга азгырган.

Сириядагы “казакстандык жихадчылардыкы” деген кезектеги видео Интернетке өткөн аптада чыкты. Алгачкылары былтыр октябрда пайда болгон эле. (UE)

XS
SM
MD
LG