Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:25

Казакстандык Тажаяков Бостондогу жардырууга күнөөлүү деп табылды


АКШнын Бостон шаарында өткөн жылы жардыруу уюштурган деп шектелген Жохар Царнаевдин досу, казакстандык студент Азамат Тажаяков теракт боюнча күнөөлүү деп табылды. Дүйшөмбүдө сот отурумунун кеңешме мүчөлөрү ага карата “жардырууну уюштурууга көмөктөшкөн жана далилдүү буюмдарды жок кылган” деп чечим чыгарышты.

Тергөө маалыматтарына ылайык, жардыруудан кийин Тажаяков жана анын досу Дияс Кадырбаев Царнаев жашаган бөлмөдөн жарылуучу заттар салынган баштыкты жана компьютерди алып чыгып, таштандыга ыргытышкан.

Тажаяков күнөөнү мойнуна алса, ал 20 жылга камалат. Сот чечими октябрда чыгышы күтүлүүдө. Ал эми аны менен кошо айыпталып жаткан Кадырбаевдин үстүнөн сот отуруму сентябрда болот.

АКШ полициясы быйыл апрелде жардырууга тиешеси бар деген шек менен кыргызстандык Хайрулложон Матановду да кармаган.

Былтыр 15-апрелде Бостон шаарында марафон маалында болгон жардырууда үч адам набыт кетип, ондогон кишилер жараат алган. Терактты жасады деген шек менен Кыргызстанда туулган Жохар Царнаев камакка алынган. Ал эми анын агасы Тамерлан полиция менен атышууда жан берген. (SE)

XS
SM
MD
LG