Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:08

Орусияда Энесай кыргыз көчмөндөрүнө таандык буюмдар табылды


Красноярск крайындагы Ижим (Иджим) дарыясын бойлогон өрөөндө - Энесай Кыргыз каганаты доорундагы кыргыз көчмөндөрүнө таандык болушу мүмкүн деп божомолдонгон орто кылымдык буюмдар табылды.

Х-ХII кылымдарда Энесайда колдонулган буюм-тайымдарды Орус географиялык коому каржылаган экспедициянын археологдору тапканын Москвадагы кыргыз элчилиги маалымдады. Окумуштуулар казуу иштерин жүргүзүп жаткан учурда аймакта бүтүн бойдон сакталып калган тегерек шекилдеги коргонду табышкан. Ал жерден жүздөн ашуун тарыхый буюмдар – балта, кылыч, найза, бычак, темир кур тогоо, ат жабдыктары жана аялдардын сөйкө-шакектери чыккан.

Археологдор аны Энесай Кыргыз каганатындагы көчмөн кыргыздарга таандык болушу мүмкүн экенин айтып жатышат. Изилдөө иштери бүткөн соң, табылган каражаттар музейге тапшырылат.

Айтмакчы, Улуу Кыргыз каганатынын тарыхына арналган илимий жыйындар Бишкекте 2012- жана 2013-жылдары өткөрүлгөн. Быйыл 18-21-сентябрда Улуу Кыргыз каганатынын тарыхына арналган илимий жыйындардын кезектегиси Чолпон-Ата шаарында өткөрүлөт. "Мурас" фонду тарабынан уюшулуп жаткан бул жыйынга Орусиянын Сибир аймагында эмгектенип жаткан бир катар орусиялык археологдор жана этнографтар жана башка чет элдик кыргыз таануучулар катышмакчы.

(SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG