Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:55

Кыргызстандык биринчи олимпиадачы дүйнө салды


Дүйнөлүк олимпиадага Кыргызстандан катышкан биринчи спортчу Сайботтал Мурсалимов 85 жаш курагында Москвада дүйнө салды. Бул тууралуу “Азаттыкка” ат спорту федерациясынын вице-президенти Садыр Мамытов маалымдады.

Сайботтал Мурсалимов ат спортунан 1959-жылкы СССР элдеринин II спартакиадасынын чемпиону болгон. 1960-жылы Римде өткөн 17-олимпиадага Кыргызстандын алгачкы өкүлү катары катышып, 5-байгелүү орунду камсыз кылган.

1956-жылдан өмүрүнүн акырына чейин республикалык балдар ат спорт мектебинде машыктыруучу болуп эмгектенип, 12 эл аралык спорт чеберин, СССР спортунун 70 чеберин тарбиялаган.

Ал Москва олимпиадасынын чемпиону Александр Блиновдун устаты болгон. Өлкөдө ат спортунун өнүгүшүнө барандуу салым кошкон. Жакында эле Москва облусунда жашаган уулу, ат спорт чебери Марат Мурсалимовдун үйүнө көчүп барган. Маркумдун сөөгү 21-июлда Москвада жерге берилди. (КМа)

XS
SM
MD
LG