Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:25

Улуттук университеттин ректору кызматтан кетүүгө арыз жазды


Кыргыз улуттук университетинин ректору Искендер Исамидинов кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Бул жөнүндө “Азаттыкка” Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Эми Исамидиновдун арызы боюнча чечимди өкмөт кабыл алышы керек. Азырынча өкмөттөн мындай буйрук чыга элек.

Искендер Исамидинов Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин ректору болуп 2011-жылы жайында дайындалган. Былтыр жыл аягында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы Исамидиновго каршы бюджеттик каражатты негизсиз сарптаганы үчүн кылмыш иш козголгонун кабарлаган. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG