Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:09

"Боинг 777" учагынын "кара кутулары" Малайзияга тапшырылды


Чыгыш Украинадагы орусиячыл жикчилдер кыйраган "Боинг-777" учагынын “кара кутуларын” малайзиялык эксперттерге тапшырды. 298 жүргүнчүнү ташып бараткан малайзиялык учак 17-июлда Украинанын чыгышында козголоңчулар контролдогон аймакка кулап түшкөн.

“Кара кутуларды” өткөрүп берүү боюнча протоколго өзүн Донецк эл республикасынын лидери атаган Александр Бородой жана Малайзиянын улуттук коопсуздук кызматынын полковниги Мухамед Сакри кол коюшту. Сакри катастрофага кабылган авиалайнердин учкучтарынын сүйлөшүүсү жана маршруттар жазылган эки “кара кутунун” абалы “жакшы абалда” деп журналисттерге билдирди. "Кара куту" авиалайнер эмне себептен кыйраганын билгенге жардамдашат.

XS
SM
MD
LG