Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:59

Элчилик мигранттын укугу боюнча орус бийлигине кайрылды


Паспортундагы үч жыл мурун түшкөн сүрөтүнө окшош болбогону үчүн “Орусиянын чек арасын мыйзамсыз басып кирген” деп айыпталган Кыргызстандын жараны Маратбек Эшанкулов боюнча Орусиядагы кыргыз элчилиги бул өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги жана Башкы прокуратурасына кайрылды. Бул тууралуу элчиликтин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Эшанкулов 2011-жылдан бери Орусияда укугу тебеленип, өз өлкөсүнө келе албай жүрөт. Мындан улам элчилик аталган органдарга бул маселе боюнча тиешелүү чара көрүүнү суранды.

Баткен облусундагы Кызыл-Кыя шаарынын 22 жаштагы тургуну Маратбек Эшанкулов 2010-жылы Москвага барган. Аэропорттон эч кандай тоскоолдуксуз өтүп, Москвада бир жыл иштегенден кийин мекенине кайтууну чечкен. 2011-жылы 19-ноябрда "Домодедово" аэропортунун чек ара кызматкери паспортундагы сүрөт ага окшош эместигин негиз кылып учактан алып калган. Ошентип 2011-жылдын ноябрь айынан тартып Маратбектин паспорттогу сүрөтүн аныктоо аракети башталган. Адвокаттын айтуусунда, 7 жолу түрдүү экспертиза жүргүзүлдү. Акыры быйыл апрелде Москвадагы Домодедово соту Маратбек Эшанкулов кылмыш кылбаганын аныктаган чечим чыгарды. Буга карабай Эшанкулов ушул күнгө чейин Орусиядан мекенине чыга албай жатат. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG