Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:26

Келдибеков ден соолугуна байланыштуу сотко келген жок


Депутат Акматбек Келдибеков ден соолугуна байланыштуу келе албагандыктан бүгүнкүгө белгиленген сот иши 1-августка калды. Адвокат Татьяна Чильникина Келдибековдун саламаттыгы начарлап, бутуна бешинчи операция жасатууга даярданып жатканын айтып, отурумду башка күнгө которууну өтүндү. Ишти карап жаткан Биринчи Май райондук сотунун судьясы Абдыразак Боромбаев бул өтүнүчтү канааттандырды. Соттук териштирүү 10-июлда башталмак. Бирок ошондон бери үч жолу түрдүү себептерден улам жылдырылып келатат.

Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Акматбек Келдибеков коррупция боюнча айыпталып, өткөн жылы ноябрда УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Учурда ал Бишкектеги №4 ооруканада дарыланууда. Камалгандан бери колу жана бутунан төрт жолу операция болду. (BkA/UEz)

XS
SM
MD
LG