Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:57

Куляб базарындагы өрттөн 44 дүкөн күлгө айланды


Тажикстандын түштүгүндөгү Куляб шаарындагы базарда болгон өрт 44 дүкөндү жана күркөнү кыйратты, ондогон дүкөндөргө зыян келтирди.

Куляб мэриясынын өкүлү Сухробшо Фарухшонун 22-июлда “Азаттык” радиосуна айтышынча, Саховат базарындагы түнкү өрттөн дагы 70тей дүкөн жана кафе чыгым тартты. Базардын 480 чарчы метрдей жери күлгө айланды. Ушул эле базарда быйыл январда өрт чыгып, 96 дүкөндү жана 382 күркөнү мойсоп кеткен. Өрттүн себеби аныкталбай калган. Саховат базарында 2009-жылы болгон өрттүн себеби да аныкталган эмес.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG