Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:26

23-июлга карата аба ырайы


23-июлда түнкүсүн Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт, күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан-чачын жок. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көлдүн акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 16...21, күндүз 30...35,
Таласта түнкүсүн 11...16, күндүз 29...34,
Баткенде түнкүсүн 13...18, күндүз 29...34,
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 18...23, күндүз 32...37,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 10...15, күндүз 20...25,
Нарында түнкүсүн 9...14, күндүз 24...29,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2...+3, күндүз 6...11 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21, күндүз 33…35 градус болот.

XS
SM
MD
LG