Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:37

Жогорку Сот Рыкунованы кайра камоо себебин түшүндүрдү


Өткөн айда жатак абакка чыгарылган Раушан Рыкунова жумушка орношпой, Жаза аткаруу кызматынын эскертүүлөрүнө көңүл бурбай койгону үчүн кайра камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Соттон кабарлашты.

Рыкунова сиңдиси Айнура Сим, күйөөсү Владислав Рыкунов менен бирге "апрель окуяларынан кийин “Мегаком” компаниясынан акчаны мыйзамсыз алып кеткен" деген шек менен 2011-жылы июнь айында кармалып, өзү 7 жылга, сиңдиси жана күйөөсү 6 жылга эркинен ажыратылган болчу.

Чүйдүн Аламүдүн райондук сотунун чечими менен быйыл июнь айында ал Бишкектеги тергөө абагынан жатак абакка чыгарылган болчу. Бирок ишке орношуп, абак менен байланышын үзбөөгө тийиш эле. Мына ушул талаптар аткарылбай койгондуктан Жогорку Сот өткөн аптада аны Чүйдүн Степное айылындагы №2 аялдар түрмөсүнө каматкан.

Рыкунова өзүн күнөөсүз экенин айтып келет. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG