Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:19

Климкин: Украина Орусия колдогон терроризмге каршы согушууда


Павло Климкин
Павло Климкин

Украинанын тышкы иштер министри Павло Климкин 22-июлда Европарламенттин тышкы иштер комитетинде сүйлөп, өлкө чыгышындагы жикчилдер курал жаракты Орусиядан үзбөй алып жатканын айтты:

- Биз Орусия колдогон террорчулар менен күрөшүп жатканыбыз анык. Биз ошондой эле терроризмдин эксперттери менен согушуп жатабыз. Себеби акыркы жумаларда курал-жарак аларга агылып келди.

Брюсселде Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери малайзиялык учактын кыйрашына байланыштуу Орусияга жаңы санкция киргизүүнү талкуулоодо. Шейшемби күнкү жыйын алдында Швециянын тышкы иштер министри Карл Бильт козголоңчуларды Орусия курал жарак менен камсыздап жатканын билдирди:

- Мен кечээ Донецкинин көчөлөрүндө модернизацияланган Т-64 танкалары жүргөнүн көрдүм. Аларды жергиликтүү дүкөндөн сатып ала албайсың. Алар кайдан келип жатканын биз билебиз. Милдеттенмелерге жана биздин талап кылганыбызга карабай алар чек арадан улам көп өтүп келүүдө.

17-июлдагы авиакатастрофада курман болгон 282 жүргүнчүнүн сөөктөрүнүн калдыктары поезд менен Харьков шаарына жеткирилди. Бул жерден “Боинг” учуп чыккан Амстердамга эртең жеткирилет. Малайзиялык кыйраган учактын ичиндеги 298 адамдын 193ү Голландиянын жарандары болчу.

XS
SM
MD
LG