Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:30

Кытайда кара тумоого байланыштуу карантин жарыяланды


Юймен шаарында кара тумоодон бир эркек киши каза тапкандан бери өлкөнүн түндүк-батыш аймагында карантин жарыяланды.

38 жаштагы жаран 16-июлда ооруканада көз жумган. Маалыматка ылайык, ал өлгөн суурдун этинен үйдө багып жаткан итине тамак жасап бергенден кийин ооруп калган. Учурда жергиликтүү 150 тургун дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Азырынча аларда оорунун коркунучтуу белгилери жок.

Юйменде жашоочулардын саны 30 миңден ашат. Аларга шаардан сыртка чыгууга тыюу салынды. Калаага да эч ким киргизилбей жатат. Аймакты полиция көзөмөлгө алган. (SE)

XS
SM
MD
LG