Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:16

“Мекендештер” форумуна 20 мамлекеттен катышуучу келет


Италиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү Нооруз майрамында

Италиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү Нооруз майрамында

Дүйнөнүн түрдүү жерлериндеги кыргызстандыктардын башын бириктирген “Мекендештер” форуму быйыл 25-26-июль күндөрү Бишкекте өтөт. Ага 20 мамлекеттен 200дөн ашуун катышуучу келери күтүлүүдө. Бул тууралуу форумду уюштуруп жаткан “Роза Отунбаеванын демилгелери” коомдук фондунан кабарлашты.

Форумдун алкагында диаспоралардын кызматташтыгы, Кыргызстандагы бизнес, саламаттыкты сактоо, маданият, туризм, билим берүү жаатындагы маселелер талкууланат. Андан сырткары, ата мекендик продукциялардын жармаңкеси да уюштурулат. Катышуучулар түрдүү долбоорлорду чогуу ишке ашыруу боюнча пикир алмашышат.

“Мекендештер” форуму экинчи ирет өтүп жатат. Алгач ал 2012-жылы 2-3-августта уюштурулуп, ага дүйнөнүн 18 өлкөсүнөн 250гө жакын кыргызстандык катышкан. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG