Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:14

Өкмөт Бажы биримдигине кошулууну негизги маселе деп билет


Кыргыз өкмөтү өз ишинде артыкчылык берген эки багытты атады. Премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн маалымат жыйында билдиргенине караганда, Бажы биримдигине кирүү маселесине өзгөчө көңүл бурулууда. Бул жараянды Оторбаев системалуу кадам деп атап, "көңүл жаздымда калтыра турган пункттар жок" экенин билдирди.

Ошондой эле өкмөт башчы инвестиция тартууга артыкчылык берилип жатканын кошумчалады.

Беларус, Казакстан жана Орусия кирген Бажы биримдигине Кыргызстан жаңы жылда кошуларын убада кылган. Бирок анын пайда-зыяны канчалык экени тууралуу карапайым калкта түшүнүк жокко эсе. (RK)

XS
SM
MD
LG