Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкектеги травматология жана ортопедия борборунун директору Сабырбек Жумабеков кабарлады. Дарыгердин айтымында, далысынан ок жеген Нигериянын жараны ооруканага кечээ түшкөн. Учурда абалы орто. Эртең операция жасалышы күтүлүүдө.
22-июль күнү түшкө маал Ысык-Көлдүн Чоң-Сары-Ой айылында Нигерия мамлекетинин жараны белгисиз куралдан ок жегени кабарланган. Бул боюнча кылмыш иш козголуп, кол салгандар изделүүдө. (BkA)