Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:58

АКШ чалгын кызматы: “Боингди” жикчилер жаңылыш атып алган


АКШнын чалгын мекемесинин соңку иликтөөлөрүнө караганда, Малайзиянын жүргүнчү учагын Украинадагы орусиячыл жикчилер SA-11 ракетасы менен атып түшүргөн болушу мүмкүн. Бул “Бук” ракеталык-зениттик комплексинин АКШ менен НАТОдогу классификациясы.

Учакты атууга орус тараптын тикелей байланышы бардыгы боюнча далилдер табылган жок. Бирок АКШ чалгын мекемелеринин пикиринде, Орусия жүргүнчү учактын кыйрашына алып барган шартты жараткан.

Ракетаны аткандар орустардын машыгуусунан өткөн-өтпөгөнү белгисиз болгону менен АКШ чалгын кызматтарынын эсебинде, Орусия жикчилерди Ростовдогу базада машыктырып, аларды курал-жарак, анын ичинде учакка каршы курал менен жабдып жатканы анык.

АКШнын чалгын мекемелерин тейлеген расмий өкүлдөрү мындай маалымат менен чыгышын Орусиянын жана анын мамлекет көзөмөлүндөгү медиасынын бурмаланган кабарларына каршы туруу деп түшүндүрүштү.

Орус тарап жүргүнчү учакты украин аскерлери атып алган болушу мүмкүндүгүн ишара кылууда. АКШ чалгын кызматтары бул версияны четке кагып, учак кыйраган аймакта Украинанын ракета атуучу жабдуулары болбогонун белгилешти. (UE)

XS
SM
MD
LG