Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:00

Тыңчы деп шектелген тажик иликтөөчүсү камактан чыгарылды


Отуз бир жаштагы Александр Содиковдун туугандары билдиришкендей, ал абактан бүгүн чыгарылды. Бирок кылмыш иши иликтенип жаткан кезде Дүйшөмбү шаарынан кете албайт.

Канадада жашаган иликтөөчү Тажикстандын түштүгүндөгү Хорог шаарынан 16-июнь күнү жарандык активисттер менен жолуккандан кийин камакка алынган. Кийинчерээк ага мамлекетке каршы чыккынчылык жана тыңчылык кылды деген айып тагылган эле.

Александр Содиков тажик бийликтеринин бул айыптарын четке кагып, ал Тоолуу Бадахшан автоном аймагына Британия менен Канаданын университеттеринде жасап жаткан докторлук ишине материал топтоо үчүн барганын билдирген. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG