Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:10

"Тез жардамдагы" өлүм боюнча комиссия түзүлдү


Бишкектеги ооруканалар кабыл албай, 7 саатка жакын “Тез жардам” унаасында жүрүп каза болгон бейтаптын өлүмү боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги атайын комиссия түздү. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат катчысы Анарбек Алимахунов “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, комиссия бүгүн ишин баштады. Иликтөө алкагында бейтапты кабыл алуудан баш тарткан оорукананын жетекчилери жана дарыгерлер түшүндүрмө берүүдө. Иликтөөнүн жыйынтыгы менен жооптуу адамдарга министрлик чара көрөөрүн Алимахунов кошумчалады.

22-июлда эртең мененки саат 10до өпкө артериясынын тромбоэмболия дартынан жабыркаган 29 жаштагы адам абалы оорлоп, "тез жардам" чакырган. Медициналык тез жардам кызматынын дарыгерлери аны шаардагы Улуттук госпитал баштаган бир нече ооруканага алып барган. Бирок ооруканалар каттоодо турган эмес деген жүйө менен кабыл алуудан баш тарткан. Бейтап 7 саатка жакын убакытты "тез жардам" унаасында өткөрүүгө мажбур болгон. Жыйынтыгында кеч курун шаардагы №6 оорукана кабыл алууга макул болгон. Бирок абалы оорлоп кеткен жаран эсине келбей көз жумган. (BkA)

XS
SM
MD
LG