Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:56

Көлдө ок жеген чет өлкөлүк жаран Чолпон-Атада тил борборун жетектейт


Ысык-Көлдүн Чоң-Сары-Ой айылында белгисиз бирөөлөрдүн кол салуусуна дуушар болгон 33 жаштагы нигериялык жаран Али Тижжани Чолпон-Атада англис тилин үйрөтүп иштейт. Тил борборун ачканына быйыл 11 жыл болду. Бул тууралуу ал бүгүн "Азаттыкка" айтып берди.

Тижжанинин белгилешинче, тил үйрөтүүчү борбордун айрым мугалимдерине буга чейин да кол салуу болгон.

22-июлда Чоң-Сары-Ой айылында Нигерия мамлекетинин жараны белгисиз куралдан ок жегени кабарланган. Бул боюнча кылмыш иш козголуп, кол салгандар изделүүдө.

Бишкектеги травматология жана ортопедия борборунун директору Сабырбек Жумабековдун айтымында, далысынан ок жеген жаран ооруканага кечээ түштү. Учурда абалы орто. Эртең операция жасалышы күтүлүүдө. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG