Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:55

Украинанын эки аскерий учагы өлкөнүн чыгышында атып түшүрүлдү


СУ -25 учагы .

СУ -25 учагы .

Бул маалыматты украин коргоо министрлиги ырастады. Министрликтин басма сөз катчысы Алексий Дмитрашкивскинин билдиргенине караганда, учкучтардын тагдыры белгисиз.

Украин бийликтерине чейин Снижне деген шаарчанын жанынан Су -25 үлгүсүндөгү учакты атып түшүрүшкөнүн жикчилер өздөрү кабарлашкан эле. Алардын айтымында, учактан ал кулаганга дейре чыгып кетүүгө үлгүргөн учкуч азыр изделип жатат.

Жикчилер билдиргендей, алардын огунан украин армиясынын дагы бир СУ -25 учагы зыян тарткан, бирок башка тарапты көздөй учуп кетүүгө үлгүргөн.

Аскерий учактар атып түшүрүлгөнү боюнча жаңы маалымат 17- июлда Украинанын орусиячыл жикчилер көзөмөлдөгөн аймагында Малазиянын жүргүнчү учагы кыйрагандан кийин чыгып олтурат.

АКШнын чалгын мекемелеринин соңку иликтөөлөрүннө караганда, Малазиянын жүргүнчү учагын Украинадагы орусиячыл жикчилер SA -11 ракетасы менен жаңылыш атып алган болушу мүмкүн.

Бул “Бук” ракеталык-зениттик комплексинин АКШ менен НАТОдогу классификациясы. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG