Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:10

УОК Ташиевге кыймылдан чыкканын расмий билдире элек


Камчыбек Ташиевге Улуттук оппозициялык кыймылдан чыгарылганы тууралуу расмий маалымдала элек. Кыймыл мүчөлөрү “жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган билдирүүнүн өзү жетиштүү, атайын кабарлоонун кажети жок” деген ойдо. Бул тууралуу “Азаттыкка” кыймылдын лидери Равшан Жээнбеков айтты.

УОК мүчөлөрү чечимди 23-июлда кабыл алган. Ташиев азырынча өз пикирин билдире элек.

9-июлда Камчыбек Ташиев НТС телеканалына курган маегинде 2012-жылдын 3-октябрындагы митингде Ак үйдүн тосмосунан ашканы мыйзамсыз болгонун айтып, азыркы президенттин айрым аракеттерин колдоорун билдирген. (SE)

XS
SM
MD
LG