Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:26

Нигериядагы жардыруудан 82 киши апаат кетти


Нигерияда шаршемби күнү кош жардыруу болду. Кызыл чырым уюмунан кабарлашкандай, алгач Кадуна шаарында исламчыл жанкечти ибадат кылуу үчүн миңдеген кишилер чогулган жерде жардыруу жасап, 32 кишинин өмүрүн кыйды, 14 адам жараат алды.

Экинчи жардыруу Каво шаарындагы базарда болуп, 50 киши мерт кетти. Окуяга азырынча жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек.

Соңку кездери Нигериядагы жардыруулардын дээрлик баарын “Боко Харам” исламчыл согушкерлер тобу ишке ашырып келүүдө. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG