Орто-Токой суу сактагычында суунун азайып кетишине байланыштуу бүгүн өкмөт мүчөлөрү шашылыш жыйынга чогулат. Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев адистер менен маселени чечүү жолдорун талкуулайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
Орто-Токой суу сактагычы Чүй өрөөнүн суу менен камсыздайт. Суунун кескин азайып кетишине байланыштуу аймакта кургакчылык коркунучу күч алууда. (SE)