Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:11

Өкмөт “Жунда” заводунда ишти тезирээк баштоону өтүндү


Кыргыз өкмөтү Кара-Балтадагы мунайды кайра иштетүүчү “Жунда” заводун эртерээк ишке киргизүүнү каалайт. Бул тууралуу премьер-министр Жоомарт Оторбаев “Жунда” компаниясынын башкы директору Яо Га Мин менен шаршембидеги жолугушуусунда билдирди.

Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, премьер-министр бул заводдун ишке киришин коомчулук күтүп жатканын белгилеп, быйыл кеминде 300 миң тонна мунайды кайра иштетүү тапшырмасы коюлганын эскертти. Ошондой эле заводго кара май ташып келүү маселесин чечүү да талкууланды. Буга чейин өкмөт аны Орусия же Казакстандан алууну мерчемдеген. Бирок бул маселе бүгүнкү күнгө чейин чечиле элек.

Курулушу 2009-жылы башталган "Жунда" заводу жылына 800 миң тонна мунай иштетүүгө ылайыкташкан. Быйыл жыл башында завод ишке берилип, бирок 18-февралда өз ишин убактылуу токтотууга мажбур болгон. Буга жергиликтүү элдин жана экологдордун заводго каршы дембе-дем өткөргөн акциялары себеп болгон. Ошого байланыштуу экологияга тийгизген таасирин иликтөө үчүн атайын экспертиза дайындалган. (BkA)

XS
SM
MD
LG