Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:10

Карылар үйүндөгү эки адам ачкачылык жарыялады


Бишкектеги №72 Карылар үйүндө жашаган Кален Төрөгелдиев жана Алтымыш Курманалиев ачкачылык жарыялады. Алар Карылар үйүнүн жетекчилиги басым көрсөтүп жатат деп айыптоодо. Ачкачылык жарыялагандардын айтымында, жетекчилик аларга "тамак бербей, орой мамиле кылып келет". Мындан улам тиешелүү чара көрүүнү суранып жатышат.

Бирок Карылар үйүнүн директору Эркингүл Абдылдаева дооматтарды четке кагууда. Анын айтымында, карылар үчүн бардык шарттар түзүлгөн, эч кандай басым жок. Буга чейин алардын арызы боюнча бир нече комиссия текшерүү жүргүзүп, эч кандай мыйзам бузуу аныктаган эмес. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG