Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:42

Геология агенттиги жарым жылда 202 лизенция берди


Бул тууралуу өкмөт алдындагы Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин бүгүнкү коллегиясында айтылды. Маалыматка ылайык, быйылкы жылдын 6 айында өлкөдөгү ар кыл кендерди иштетүүгө лизенция алуу боюнча 558 арыз келип түшкөн. Алардын 202сине тоо кен иштетүүгө лизенция берилди. 15и алтын кендери, 34ү көмүр, 14ү ар кыл металл, 5и мунай казуу үчүн берилди.

Акыркы мезгилде лизенция берүү тартиби өзгөртүлгөн. Ага ылайык, Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттик орто жана чакан кендерде чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн лицензияларды аукцион аркылуу сата баштаган.

Кыргызстандын экономикасында тоо-кен тармагы негизги орунду ээлейт. Бирок дал ушул тармакта, көз каранды эмес эксперттердин пикиринде, коррупция көп. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG