Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:19

Москва украиналык эки ”Су-25ти” атып түшүрбөгөнүн айтууда


Орусиянын Коргоо министрлиги украиналык аскерий учактарга ракета Орусия тараптан атылышы мүмкүн деген кабарды четке какты. Министрликтин атын атабаган өкүлү "Интерфакс" агенттигине:

- Малайзиянын “Боинг 777” учагы менен болгон катастрофадан коомчулуктун көңүлүн алагды кылуудагы Киевдин фантазиясы Кызыл китепке аскерий афоризм катары киргенге татыйт, - деп айткан.

23-июлда Донецк облусунда украиндердин эки “Су-25” учагы атып түшүрүлгөн. Учактарга Орусиянын ичинен атылган ракета тийди деп Украинанын Улуттук коопсуздук кеңиши билдирген. АКШ Мамдепартаментинин билдиришинче, бул маалымат ырас болсо, "орусиячыл жикчилдер Москва берген алдыңкы аскерий техниканы пайдаланганын ого бетер тастыктайт".

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG