Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:04

БУУ: Газадагы куралдуу коогалаңды токтотуу өтө маанилүү


БУУнун чукул кырдаалдар боюнча координатору Валери Амостун айтымында, Газа тилкесиндеги катаал кырдаал ого бетер начарлоосуна жол бербөө үчүн урушту токтотуу маанилүү.

- Өтө жаман абалга кабылган жарандарды коргоо учурдагы башкы маселе, - деди Амос айым 24-июлда Токиодогу жыйында.

23-июлда ХАМАСтын лидери Халид Машаал ок атууну токтотуу жөнүндөгү сунушка макул болбоду жана Израил оболу Газаны сегиз жылдан берки камалоосун токтотсун деп талап койду. Израил Газадагы аскерий операциясын жана тилкеге абадан сокку урууну улантууда. 16 күндөн берки урушта 680ден ашуун палестиналык жана 34 израилдик өлдү.

23-июлда БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши Израил армиясынын операциясы кезде жасалган зулумчулуктарды иликтөө жөнүндө резолюция кабыл алды.

XS
SM
MD
LG