Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:15

Өспүрүмдөрдүн II жайкы Олимпиадасына Кыргызстандан жети спортчу катышат


16-августтан 28-августка чейин Кытайдын Нанкин шаарында өтө турган өспүрүмдөрдүн II жайкы Олимпиадалык оюндарында Кыргызстандын намысын 7 спортчу коргойт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкулов билдирди.

Кыргызстандыктар спорттун 6 түрү: ат спорту, кайыкты калак менен айдоо (гребля, каноэ), оор атлетика, ок атуу, дзюдо жана спорттун заманбап беш түрү боюнча мелдештерге катышат.

- Бул жолку өспүрүмдөрдүн олимпиадалык оюндарында күрөш боюнча кыргызстандык жаш балбандар жолдомо ала албай, үмүттү актай албай калышты. Кытайдагы олимпиадалык мелдештерде ат спорту, оор атлетика жана кайыкты калак менен айдоо боюнча жакшы жыйынтыктарга үмүттөнүп жатабыз. Спорттун бул түрлөрү боюнча жеңишке жетүүгө мүмкүнчүлүк бар, - деди Аманкулов.

2010-жылы Сингапурда өткөн биринчи Олимпиадага кыргызстандык 8 спортчу катышып, 3 медал жеңип келген. Грек-рим күрөшүндө Урматбек Аматов алтын байге утса, Шадыбек Сулайманов коло медал тагынган. Дзюдо күрөшүндө Болот Токтогонов үчүнчү орунду ээлеген. (КМа)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG