Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:58

Иракта камактагыларды ташыган автобуска кол салынды


Согушкерлер Тажи шаарындагы аскерий базадан Багдадга арестанттарды алып бараткан автобуска жасаган чабуулда кеминде 60 адам, анын ичинде бир нече полицай өлдү.

Коопсуздук күчтөрүнүн конвойуна катарында жанкечтилери бар эрегишчилер чабуул жасаганын Ирак бийлиги маалымдады. Ирактын түндүгүн жана батышынын чоң бөлүгүн контролдогон "Ирак жана Левант ислам мамлекетинин" согушкерлери акыркы мезгилде Багдадга чектеш аймактарга бир нече жолу чабуул койду. Июль айында эле мындай 24 чабуул жасалды. Былтыр Ирактын эки түрмөсүнө кол салынып, 500дөй арестант чыгарылып кеткен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG