Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:02

Апрель соту өкүмдү эртең жарыялайт


Бишкек гарнизонунун Аскердик сотунда 2010-жылдагы Апрель окуясы боюнча сот өкүмүн угузуу уланууда. Судья Дамир Оңолбеков иштин негиздөөчү бөлүгүнө өттү. Анда жагдайлар, далилдер, жыйынтыктар жана сот өкүм чыгарууда таянган мыйзамдар айтылды. Бул бөлүктө судья айыпталуучулар мурдагы президент Курманбек Бакиев, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы жетекчиси Жаныш Бакиев, анын орун басары Нурлан Темирбаев, экс-премьер-министр Данияр Үсөнов, УКМКнын мурдагы башчысы Мурат Суталиновдун күнөөсү далилденгенин билдирди. Өкүм эртең чыгат.

Апрель окуясы боюнча соттук териштирүү башталганына 3,5 жылдан ашты. Айып мурунку президент Курманбек Бакиев баштаган 28 адамга тагылган.

Башкы прокуратура Курманбек Бакиев, анын иниси Жаныш Бакиев жана Данияр Үсөновду өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратуу сунуштаган.

Суталиновго, мурдагы Мамлекеттик күзөт кызматынын башчы орун басарлары Нурлан Темирбаев менен Данияр Дунгановго 25 жылдан, мурдагы Баш прокурор Нурлан Турсункуловго, президенттик аппараттын мурдагы башчысы Каныбек Жороевге, президенттик катчылыктын башчысы Оксана Малеванаяга 15 жылдан, мурунку баш прокурор Элмурза Сатыбалдиевге, мурдагы президенттин уулу Марат Бакиевге 10 жылдан камак мөөнөтү керек экени айтылган.

Ал эми атайын даярдыктагы “Альфа” бөлүгүнүн жана мурдагы Мамлекеттик күзөт кызматынын аскерлерин "адам өлтүрүү" айыбы боюнча актоо, "ишенип берилген куралды жоготуу" айыбы боюнча эки жылга кесүү сунушталган. (BkA)

XS
SM
MD
LG