Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:47

Тайванда авиакырсыкты тергөө башталды


Тайван бийликтери 47 адамдын өмүрүн алган учак кырсыгынын себебин иликтей баштады. Жергиликтүү TransAsia Airways компаниясына караштуу ATR-72 учагы 23-июлда кечинде аба ырайынын катаал шартында Тайвандын батышындагы чакан аралга конгону баратып кыйроого учураган. Учакта 54 жүргүнчү жана экипаждын 4 мүчөсү болгон.

Тайвандын жарандык авиация министринин орун басары Ли Ван Ли 24-июлда Тайпейде сүйлөп:

- Өлгөн 14 адамдын ким экени аныкталды. Дагы 30 жүргүнчүнүн жана экипаждын 4 мүчөсүнүн өлгөнүн тастыктоо керек, - деп билдирди кабарчыларга.

Өлгөндөрдүн экөө Франциянын жарандары экени ырасмий маалымдалды. Жарадар он адам ооруканада дарыланууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG